28.05.2019 11:13

Москванын медициналык мекемелерине ташталган алты бөбөк Кыргызстанга кайтарылды

Москванын медициналык мекемелерине ташталган алты бөбөк Кыргызстанга кайтарылды

Москванын медициналык мекемелерине ташталган алты кыргыз бала Кыргызстанга кайтарылды. Бул туурасында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү  министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка караганда, энелери тарабынан ташталган бул бөбөктөрдүн кичүүсү 6 айлык болсо, улуусу 1, 5 жашта. Балдардын кайтарылышы Россиядагы КР элчилигинин  консулдук бөлүмү жана Саламаттык сактоо министрлигинин жардамы менен уюштурулган.

Кыргызстанга келер менен кайтарылган балдардын бирөөсү тууганчылык байланышы бар үй-бүлөгө жайгаштырылган. Министрлик калган балдарды биологиялык үй-бүлөлөрү менен кайта бириктирүү аракетин көрүп жатат. 

Министрликтин маалыматы боюнча,  2011-жылдан бери Мекенине 98 ата-энесинин көзөмөлчүлүгү жок калган бала, анын ичинен 2018-жылы -16, 2019-жылы – 6 бала кайтарылган.